Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:53

Нарындагы чатак: «Мекеним Кыргызстан» жана «Республика» партиялары бири-бирин айыптады


22-сентябрда «Республика» партиясынан талапкер Тынчтыкбек Алтымышев «Фейсбуктагы» баракчасына Нарын районундагы Алыш айылында партиянын үгүтчүсүн «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тарапташы сабап салганын жазды. Алтымышев алардын ортосунда №2 форма менен катталган шайлоочулар боюнча чыр чыкканын билдирди.

«Республика» партиясынан талапкер Тынчтыкбек Алтымышевдин посту боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясы билдирүү таратты. Анда партия жалган маалымат тараткандыгы үчүн Алтымышевге чара көрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз даярдалып жатканы айтылат. Билдирүүдө Алтымышев жазган чырга партиянын эч кандай тиешеси жок экени белгиленген.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы «Республика» партиясынын үгүтчүсүнүн сабалганы боюнча факт Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталганын маалымдады.

Милициянын маалыматына ылайык, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө 22-сентябрь күнү саат 12 чамасында 25 жаштагы Алтынбек Асеков аттуу жаран кайрылган. Ал ошол эле күнү таңкы саат алты чамасында Алыш айылында Максат аттуу тургун тааныштары менен сабап кеткенин билдирип арызданган. Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, Алтынбек Асеков менен Максат тойдо чатакташа кетишкен. Көп өтпөй Максат ооруканага жеткирилген. Милиция Алтынбек Асеков «Республика» партиясынын, ал эми Максат «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүтчүсү экенин маалымдады.

Азырынча Алтынбек Асековдун ден соолугу жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы да азырынча окуя боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (TSh)

XS
SM
MD
LG