Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Абдулла: Бошотулган талибдер өкмөткө каршы урушка катышып жатышат


Абдулла Абдулла. Доха шаары, 12-сентябрь, 2020-жыл.
Абдулла Абдулла. Доха шаары, 12-сентябрь, 2020-жыл.

Ооган өкмөтү бошоткон бир топ талиб согушкерлери кайрадан куралдуу кагылышууларга катышып жатышат. Бул тууралуу шейшембиде Улуттук жарашуу боюча жогорку кеңештин төрагасы, Кабулдун тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү делегациясын жетектеген Абдулла Абдулла билдирди. Саясатчы «Талибан» кыймылы менен 12-сентябрда Доха шаарында башталган диалог тараптардын дээрлик ар бир маселе боюнча пикир келишпестиктерине карабай, негизинен жакшы жүрүп жатканын кошумчалады.

Февралдын этегинде АКШ менен «Талибан» кол койгон тынчтык келишиминин шарттарына ылайык, оогандардын өз ара диалогун башташ үчүн Кабул талибдердин беш миң туткунун, согушкер кыймыл өз карамагындагы миң туткунду бошотууга тийиш эле. Абдулланын айтымында, коё берилген айрым жоочулардын өкмөткө каршы чабуулдарга катышып жатышы ошол келишимди бузуу болуп эсептелет. Дохадагы сүйлөшүүлөргө карабай, Ооганстанда зомбулук токтобой жатат.

22-сентябрда АКШнын Тышкы байланыштар кеңеши менен онлайн конференцияда Абдулла атышпоо келишимине жетиш үчүн Вашингтон менен Исламабадды согушкерлерге басым жасоого чакырды. Кабулдун көз карашында Пакистан жоочулар менен байланыштарын сактап келатат. Абдулла 12 жылдан кийин жакын арада биринчи жолу кошуна өлкөгө барарын билдирди.

XS
SM
MD
LG