«Кумтөр» алтын кен компаниясы цианид чуусуна байланыштуу чыккан Октябрь райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Апелляциялык арыз 10-сентябрда берилген.
Шаардык сот эрежеге ылайык «Кумтөрдүн» адвокаты ар бир доогерге апелляциялык арызды жиберген эмес деген негизде ишти кайра райондук сотко кайтарды. Бул тууралуу доогерлердин өкүлү Эркингүл Иманкожоева 23-сентябрда «Азаттыкка» билдирди.
«Эми компаниянын адвокаты 17 доогердин ар бирине почта менен апелляциялык арызды тааныштыруу үчүн жибериши керек. Ошондон кийин гана кайра шаардык сотко документтерди жөнөтөт. Ошол жараян аткарылмайынча, иш шаардык сотто каралбайт. Менимче, адвокат эрежени жакшы билет. Бирок ишти создуктуруу аракети уланып жатат», - деди Иманкожоева.
«Кумтөр» алтын кен компаниясы буга жооп бере элек. Августта компаниянын басма сөз кызматы «Азаттыкка» соттун чечимин колго алгандан кийин кандайдыр бир кадам жасаларын, «Кумтөр» өзүнө кабыл алган милдеттенмелерди талаптагыдай аткарарын билдирген.
Бишкектин Октябрь райондук соту быйыл 10-августта Ысык-Көл облусунун тургундарынын цианид чуусуна байланыштуу доо арызын карап, «Кумтөр» алтын кен компаниясын 17 доогер кишиге 400 миң сомдон кенемте төлөөгө милдеттендирген.
Ага дейре иш төрт ирет Жогорку сотко барып, биринчи инстанцияга кайтарылган.
1998-жылы «Кумтөр» компаниясынын машинеси авария болуп, 1740 килограмм цианид Барскоон дарыясына төгүлгөн. Доогер тарап компания сууну хлор менен тазалап, чекилик кылганын, эл хлорциан менен ууланганын айтып жүрөт. Алардын маалыматына караганда, компаниянын аракетинин айынан Ысык-Көл облусунда 2000дей адам ууланып, эки адам каза болгон.
17 000 киши медициналык жардам алган. Облустун 29 тургуну келтирилген зыян толук төлөнгөн жок деген негизде бул ишти калыс кароо тууралуу өтүнүч менен 2005-жылы сотко кайрылган. 15 жылда алардын 12си каза болуп калгандыктан, 10-августта сот калган 17 доогердин арызын канааттандырган. (NT)