Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:41

Жолдо калган жарандарга Казакстан аркылуу өтүүгө уруксат берилди


Июнь айында орус-казак чек арасынан өтө албай калган мигранттар. 2020-жыл.
Июнь айында орус-казак чек арасынан өтө албай калган мигранттар. 2020-жыл.

Казакстан орус-казак чек арасында топтолуп калган миңдеген кыргызстандыктардын өз аймагынан өтүшүнө уруксат берди. 

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 23-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери азыр жарандарды Башкыртстандан Соль-Илецкиге, андан ары орус-казак чек арасынан өткөрүү боюнча иш жүргүзүп жатышат. 

Чек арадан өткөндөн кийин кыргызстандыктар автобустар менен сапарга чыгат.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда эл көп болгондуктан, алар 24-25-сентябрда эки этап менен ташылат.  Мекеме Казакстандын чек арасы дагы эле жабык экенин, топтолгон кыргызстандыктардын өтүшүнө сүйлөшүү аркылуу бир гана жолу уруксат берилгенин эскертип жатат.

Ушу тапта орус-казак чек арасында Кыргызстанга өтүүнү көздөп, жолдо калган жарандар 3 200дөн ашуун.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери Орусиядан 40 968 жаран мекенине кайткан. (NT)

 

 

XS
SM
MD
LG