Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

АКШда коронавирус 200 миң кишинин өмүрүн алды


Вашингтон.
Вашингтон.

Кошмо Штаттарда шейшембиде коронавирустан көз жумгандар 200 миң кишиге жетти. 27-майдан бери каза тапкандар эки эсе көбөйдү. COVID-19 илдетинен дүйнө жүзү боюнча катталган өлүм-житимдин 20% АКШга туура келүүдө. Вашингтондо COVID-19 курмандыктарын эскерүү долбоору 20 миң желек орнотуп иш-чара өткөрдү. Конгресс мүчөлөрү жана башка расмий адамдар пандемия алып кеткен маркумдарды эскеришти.

Жонс Хопкинс университетинин коомдук саламаттык боюнча изилдөөчүсү Женнифер Нуццо бул санды «акылга сыйбас» деп бааласа, өкмөттүн башкы инфекционисти Энтони Фаучи мындай ойлондуруучу маалымат кризиске мурункудан да олуттуу караш керек экенин көргөзгөнүн белгиледи.

Акыркы сандар COVID-19 илдети күнүгө 800дөй америкалыктын өмүрүн алып кетип жатат дегенди билдирет. Апрелдин ортосунда бир күндө 2800дөн ашуун киши өлгөн учурлар болгону менен президенттик шайлоого алты жума калган учурда каза тапкандардын көп болуп жатышы, бийликтин алдын алуу чаралары АКШда негизги темага айланды.

3-ноябрда экинчи мөөнөт үчүн ат салышканы жаткан президент Доналд Трамп АКШда 200 миң кишинин коронавирустан өлгөнү «уят», абдан «жаман нерсе» деп, ошол эле маалда «абал мындан да жаман болушу мүмкүн эле» деп кошумчалады. Трамптын демократ атаандашы Жо Байден бул сан дендароо кыларын айтып, пандемиянын «адам өмүрлөрү үчүн кыйраткыч кесепеттерин эч качан унута албайбыз» деп белгиледи.

Шаршембиге карай АКШда коронавируска 6,9 миллион киши чалдыкты. Дүйнө жүзүндө вирус 31,6 миллион кишиге жукту.

XS
SM
MD
LG