Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Алексей Навальный Берлиндеги клиникадан чыкты


Навальный Берлиндеги клиникада. 19-сентябрь, 2020-жыл.
Навальный Берлиндеги клиникада. 19-сентябрь, 2020-жыл.

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный Германиядагы клиникадан дарыланып чыкты. Немис бийлигинин маалыматына ылайык, Германияда, Францияда жана Швецияда жасалган анализдер Навальныйдын «Новичок» деген нервди шал кылчу зат менен ууландырылганын аныктаган. Батыш Москвадан түшүндүрмө талап кылууда, бирок орус бийлиги кылмыштын далилдери табылмайынча тергөө жүргүзүүнүн кажети жок экенин билдирип, бул ишке аралашканын четке кагып жатат.

«Бейтаптын абалы жакшы болуп калды, аны стационардан чыгарса болот», деп билдирди Берлиндеги «Шарите» ооруканасы 23-сентябрда. Дарыгерлер муну менен катар «Навальный толук айыгышы мүмкүн, бирок уунун узак мөөнөттүү ыктымалдуу кесепеттерин айтуу азыр эрте» деп кошумчалашты.

Оппозиционер клиникада 32 күн жатты, 24 күн реанимация бөлүмүндө дарыланды.

Кремлдин башкы каршылашы Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омскиге чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген, кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG