Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

«Республика» партиясынын Кадамжайдагы штаб башчысы суракка чакырылды


Парламенттик шайлоого катышып жаткан «Республика» партиясынын Кадамжай районундагы штаб башчысы «добуш топтоо максатында адамдарга акча тараткан» деген шек менен милицияга суракка чакырылды.

Ал 22-сентябрда Жолдошбек Мамажанов атындагы маданият үйүнүн алдында шайлоочулар менен жолугушуп, акча таратканы аныкталганын Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди:

«Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин негизинде текшерүү иштери жүрүп жатат».

Акча таратуу фактысы тартылган видео соцтармактарга да тарады.

«Республика» партиясынын басма сөз кызматы бул маалымат такталгандан кийин комментарий берилерин билдирди.

Буга чейин добуш сатып алуу аракети үчүн «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан» сыяктуу партиялардын дарегине сын айтылып келаткан. Ал партиялар муну четке кагышкан.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия ат салышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG