Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Укук коргоочулар түркмөн бийлигин азык-түлүк кризиси үчүн күнөөлөштү


Азык-түлүк дүкөнүндөгү кезек. Лебап, июнь, 2020-жыл.
Азык-түлүк дүкөнүндөгү кезек. Лебап, июнь, 2020-жыл.

Түркмөн өкмөтү пандемиянын экономикалык кесепеттерине каршы чара көрбөй жатышы азык-түлүк кризисин ого бетер тереңдетти. Шейшембиде «Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюму жана «Түркмөнстандын адам укуктары демилгеси» деген бозгундагы топ ушундай мазмундагы билдирүүнү таратышты.

Күнүмдүк товарлардын кымбатташы жана субсидияланган азык-түлүктүн тартыштыгы 2016-жылдан бери өкүм сүрүп келатат. Сөз болгон уюмдар түркмөн бийлиги өлкөдө жакырчылык бар экенин четке кагып, каржалган катмарга экономикалык жардам берүүдөн баш тартып келатканын белгилешет.

«Муну менен жарандардын эң негизги адам укуктары, өлкө эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелери бузулууда», деп айтылат 22-сентябрда жарык көргөн билдирүүдө.

Документте катардагы түркмөндөрдүн кыйналганы, ал түгүл былтыркыга караганда азыраак тамак жеп калганы тууралуу айтып бергендери камтылган.

XS
SM
MD
LG