Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

USAID кыргызстандык балдарга арналган 285 миң китеп тапшырды


АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандагы 1000ден ашуун мамлекеттик мектептерге жана китепканаларга 285 миң балдар китебин тапшырды.

Кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан китептерде аңгемелер, жомоктор, ырлар, табышмактар бар.

Китеп тапшыруу аземи 23-сентябрда Бишкекте К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өткөнүн Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

USAID Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта «Окуу керемет!» аттуу жаңы долбоорду ишке ашырмакчы. Ага дээрлик 19 миллион АКШ доллары сарпталат.

Долбоордун алкагында USAID Кыргызстанда бир жарым миң жаңы китеп чыгарууга колдоо көрсөтөт. Андан тышкары, алдыдагы беш жылда мектептерге жаңы китептердин жана башка кошумча окуу материалдарынын миллиондон ашуун нускасын тапшырууну көздөп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG