Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:43

Көзүнөн айрылган жоокердин иши боюнча сот чечими чыкты


Баткен облусунун Кадамжай районундагы чек ара аскерлери. Архивдик сүрөт.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы чек ара аскерлери. Архивдик сүрөт.

Аскерде милдетин өтөп жүрүп ур-токмоктун айынан сол көзүнөн айрылган Кубанычбек Молдалиевдин сабалышы боюнча ишти Талас райондук соту карап, быйыл июлда аскерди урган прапорщикти күнөөлүү деп тапты.

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова «Азаттыкка» билдиргендей, күнөөлөнгөн прапорщик бир жылдан ашык убакыт абакта отуруп чыккан жана жабырлануучу тарапка кенемте төлөп берүүгө көнгөн. Учурда 100 миң сомдон ашык кенемте төлөнгөнү айтылды. Эки тарап келишип, таяк жеген жоокер райондук соттун чечимине каршы кийинки инстанцияга даттанбай турган болду.

Абдирасулованын айтымында, жабыркаган жоокерге мамлекет тараптан камсыздандыруу төлөмү төлөнбөй жатат. Буга Саламаттык сактоо министрлиги Молдалиевди майып катары каттабай жатканы себеп болууда. Адвокаттар жана жабыркаган тарап Кубанычбек Молдалиевди жумушка жараксыз деп табууну жана ага камсыздандыруу төлөмүн берүүнү талап кылган. Бирок министрликтин адистери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму деле бир көзү көргөн кишини майып катары эсептебейт деген негизде чечим чыгарган. Мыйзам боюнча мындай чечим чыккан учурда жабырлануучуга кенемте төлөнбөйт.

«Молдалиевдин экинчи көзүнүн көрүшү да начарлап жатат. Мамлекет тараптан жоопкерчилик болушу керек да. Майыптыкка чыгарбай жатышат. «Бир көзү эле соо адам анда армияга жарайбы?» - деп сурасам: «Жок», - деген жооп узатышты. Кыргызстандын мыйзамдары бири-бирине каршы келет», - деди Азиза Абдирасулова.

Буга чейин жабырлануучу тарап келтирилген моралдык зыян катары Мамлекеттик чек ара кызматынан бир миллион сом, айыпталып жаткан кенже сержанттан бир миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.

2018-жылы жазында армияга чакырылган Кубан Молдалиев Мамлекеттик чек ара кызматынын Таластагы №2029 аскердик бөлүгүндө кызмат кылып жүрүп ушул эле жылдын 11-июнунда таяк жеген. Ал өзү «Азаттыкка» Иманбеков аттуу сержант автоматтын кундагы менен, темир кур менен сабаганын айткан.

Жабыр тарткандан бир айдан кийин госпиталга жеткирилген учурда жоокер Молдалиевдин сол көзү соолуп калганы аныкталган. 2019-жылы 9-февралда «Кылым шамы» уюму жоокердин ата-энеси менен кошо басма сөз жыйынын өткөрүп, Молдалиевдин иши иликтенбей жатканын айтып, президентке да кайрылуу жазышкан. Ошол эле күнү Аскердик прокуратура жоокерди сабаган деп шек саналган прапорщик кармалганын, соттун чечими менен камакка алынганын кабарлаган. (NT)

XS
SM
MD
LG