Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Болгария эки орус дипломатын тыңчылык кылган деп айыптоодо


Болгариянын башкы прокурору Иван Гешев.
Болгариянын башкы прокурору Иван Гешев.

Болгариянын прокуратурасы Орусиянын эки дипломатына тыңчылык кылган деген айып койду. Алар 72 саат ичинде өлкөнүн аймагынан чыгып кетиши керек экенин Тышкы иштер министрлиги «Азаттыктын» болгар кызматына билдирди.

Кылмыш иши Улуттук коопсуздук кызматынын чалгынчыларынын өтүнүчү менен козголгон. Иликтөө материалдарына ылайык, орус дипломаттары болгар армиясынын жаңылануу планы жана аскер техникасынын камылгасы тууралуу 2016-жылдан тартып маалымат чогултушкан. Прокуратуранын маалыматына караганда, алар бул үчүн аскердик-өндүрүштүк комплекс тууралуу маалыматы бар болгар жарандарына байланышка чыгып, айрым учурларда кызматы үчүн акча сунуш кылышкан.

Болгария 2019-жылы октябрда бир, быйыл январда эки орус дипломатын тыңчылык боюнча шектүү катары аймагынан чыгарган.

Москва дооматтарды четке кагып, мындай мамилени достукка жатпаган кадам деп баалап келет. Акыркы айыптоолорго байланыштуу Софиядагы орус элчилигинин «Фейсбуктагы» барагында Москва жооп иретиндеги кадамдарды караштырары белгиленет. Ал эми депортациялана турган орус жарандары Орусиянын соода өкүлчүлүгүндө иштей тургандыгы көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG