Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Шайлдабекова: №2 форма боюнча түшкөн арыздар 481 миңден ашты


Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова 24-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында №2 формасы боюнча өлкөдө 481 950 арыз түшкөнүн билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылдагы парламенттик, 2017-жылдагы президенттик шайлоолордо да бул форма менен арыз бергендер көп болгон. 2015-жылдагы шайлоодо 297 миң 327, 2017-жылы 315 461 жаран №2 форма менен добуш берген.

Боршайкомдун төрайымы муну шайлоочуга каттоого турган жери боюнча эмес, өзүнө ыңгайлуу жерден добуш берүүгө шарт түзгөн көрүнүш катары мүнөздөдү.

Маалыматка караганда, календарлык планга ылайык, шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери аяктады. Шайлоочулардын акыркы тизмесине үч миллион 523 миң 532 киши кирди.

«Тизме Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарынын жана жарандар берген арыздардын негизинде түзүлдү. Акыркы тизмеде шайлоочулардын саны болжолдуу тизмеге салыштырмалуу 94 миң адамга көп болду», - деди Нуржан Шайлдабекова.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Буга дейре №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 445 миңге жеткени маалымдалып, бул жагдай добуш сатып алууга шарт түзөт деген пикирлер айтылган.

Шайлоого катышып жаткан оппозициялык партиялардын талапкерлери №2 форма аркылуу добуш берүү ыкмасынан баш тартууга БШКны чакырган. (NT/AiB)

XS
SM
MD
LG