Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Дүйшембиев: шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча 27 факты реестрге катталды


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев 24-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында алдыдагы шайлоодогу мыйзам бузуу боюнча жалпысынан 59 факты аныкталганын билдирди.

Анын 34үн прокуратура, 25ин башка органдар аныктаган. Ал фактылардын ичинен 27 материал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Кылмыштын белгилери менен 19, жорук белгилери менен сегиз, номенклатуралык ишке жазылган 17 иш бар. БШКга жана аймактык шайлоо комиссияларына беш материал жиберилген. Үч прокурорлук чара көрүү актысы киргизилген. Төрт факты такталган эмес. Азыр үч материал каралып жатат», - деди ал.

Дүйшөмбиев шайлоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу жалпы жонунан 82 кылмыш иши жана жоруктар боюнча 46 материал прокуратуранын өндүрүшүндө экенин кошумчалады.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (NT)

XS
SM
MD
LG