Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:54

Казакстан өлүм жазасынан баш тарткан протоколго кошулду


Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстан өлүм жазасын толук жокко чыгарган протоколго кошулду. Бул тууралуу 24-сентябрда өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анда тийиштүү документке Казакстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Кайрат Умаров кол койгону белгиленет.

2019-жылдын декабрында президент Касым-Жомарт Токаев Эл аралык жарандык жана саясий укуктар пактысынын экинчи факультативдик протоколуна кошулуу ишин баштоону буюрган эле.

2003-жылы Казакстанда өлүм жазасына мораторий киргизилген. Ошол эле учурда терроризм жана аскердик кылмыштарга байланыштуу айрым беренелер боюнча бул жаза сакталып калган.

Акыркы ирет 2016-жылы Алматыда он кишини өлтүрүүгө айыпталган Руслан Кулекбаев өлүм жазасына кесилген.

Укук коргоочулар көп ирет бул ашкере катаал жазаны колдонуудан баш тартууга чакырып келишкен.

XS
SM
MD
LG