Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:29

Кой-Таш окуясы боюнча сот бир жумада үчүнчү жолу артка жылды


Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму. 2020-жылдын 16-сентябры.
Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму. 2020-жылдын 16-сентябры.

Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча жараян 28-сентябрга которулганын айыпталуучулардын адвокаттары билдиришти.

Маалыматка караганда, сот айыпталуучулардын бири Нооруз Капарбек уулу Ысык-Көлгө инисинин тажиясына кеткендиктен, териштирүүнү жылдыруу тууралуу чечимге келди.

Кой-Таш окуясы боюнча сот ар аптанын дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жабык каралып келүүдө. Бул жумадагы эки жараян адвокаттардын бири ооруп келбей жатат деген негизде улам артка жылып, болгон эмес.

Буга чейинки жараяндарда жабырлануучу-күбө катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам бөлүгүнүн онго жакын кызматкери көрсөтмө берген.

Сот «Альфанын» Кой-Таш окуясына катышкан 54 кызматкерин жабырлануучу-күбө деп тапкан. Алардын баары көрсөтмө берүүгө тийиш.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу тууралуу суракка баруудан баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан кармоо операциясы атайын кызматтын бир офицеринин өлүмү менен аяктаган. Ондогон киши түрдүү жараат алган.

ИИМдин Тергөө кызматы окуяга байланыштуу Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын 14үнүн иши сотко өткөн.

Буга чейин сот Кой-Таш ишин териштирүүнүн жана камактагылардын мөөнөтүн 11-ноябрга чейин узарткан. (NT)

XS
SM
MD
LG