Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Дагестан абактан качкандарды табыш үчүн сый акы жарыялады


Абактан качкан тажикстандыктардын бири Шамил Бойматов.
Абактан качкан тажикстандыктардын бири Шамил Бойматов.

Дагестандын башчысы Владимир Васильев абактан качкан алты кишини табууга жардам берген маалымат үчүн миллион рублге чейин сый акы убада кылды.

Ал ошондой эле өздөрү кайтып келгендерге качып кетүүнүн жазасы жеңилдей турганын белгиледи. «Ар кандай болот. Арасында 15-17 жылга камалгандар бар, азыраак убакытка камалгандар да бар», - деди Васильев.

24-сентябрда Махачкала шаарынын четиндеги абактан алты киши качып кеткен, алардын экөө 30 жаштагы тажикстандыктар. Камактагылар бир жыл боюу качууну пландап, ал убакыт ичинде түрмөдөн сыртты көздөй туннел казып, ошону менен чыгып кетишкен.

Орусиянын Тергөө комитети түзөтүү колониясынын кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG