Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Мэрия ресторандарды зыяпат уюштуруунун «кызыктуу, санитардык форматын» ойлоп табууга чакырды


Бешбармак. Иллюстрациялык сүрөт.
Бешбармак. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясы ресторан ээлерин иш-чараларда санитардык нормаларды сактоого чакырып, эки ирет эреже бузгандардын үстүнөн милиция кылмыш ишин козгой турганын эскертти.

Андан тышкары, мэрия коронавируска байланыштуу кырдаалды курчутуп жибербөө максатында зыяпаттарды уюштурууда «жаңы, кызыктуу жана санитардык форматтарды» ойлоп табууга чакырды.

COVID-19 илдетине каршы республикалык ыкчам штаб мурдараак той-аш өткөргөндөр үчүн айыппулдун өлчөмү көбөйтүлөрүн билдирген.

Коронавирустан улам Кыргызстанда массалык иш-чараларга 50дөн көп адам чогулууга тыюу салынган. Эреже бузган жеке адамдар үч миң, юридикалык жактар 13 миң сом айыпка жыгылат.

Ал арада 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялар үгүт иштерине жүздөгөн адамды чогултууда. Өкмөт башчы партияларга кайрылып, кенебес мамиле кылбоого чакырган.

Кийинки күндөрү өлкөдө коронавирус жуккандар көбөйдү. 25-сентябрга карата бул илдет дагы 175 адамдан чыкты.

XS
SM
MD
LG