Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Эки гипермаркет санитардык эрежелерге байланыштуу айыпка жыгылды


Бишкектеги соода борборлордун бири.

Бишкектин мэриясы баш калаадагы эки чоң гипермаркетти коронавируска байланышкан санитардык эрежелерди сактаган эмес деген негизде айыпка жыкты.

Мекеменин басма сөз кызматы 25-сентябрда Биринчи май районунун акимчилиги милиция жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен бирге «Глобус» жана «Фрунзе» дүкөндөрүн текшерип чыкканын билдирди.

Маалыматка караганда, текшерүүдө дүкөндөрдүн кире беришинде чыпка, дезинфекциялык килемчелер коюлбаганы, кардарлардын дене табы текшерилбей, колдоруна антисептик чачылбай жатканы, соода борборлорунун ичинде кардарлар беткапсыз жүргөнү аныкталды.

«Глобус» жана «Фрунзе» маркеттеринин жетекчилигине Тартип бузуу жөнүндө кодекстин 293-беренеси боюнча протокол түзүлүп, экинчи категориядагы айып пул салынды. Анын көлөмү канча экенин мэрия тактаган жок.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өкмөттүн чечимине ылайык, базарларда, дүкөндөрдө, соода борборлорунда жана башка коомдук жайларда санитардык эрежелер сакталып, ар бир киши сөзсүз беткап тагынып жүрүшү керек. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG