Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашагандар мэрияга нааразылык билдиришти


Нааразы тургундар.
Нааразы тургундар.

Жалал-Абад шаарынын курорт аймагындагы алты турак жайды бошотуу туурасында шаардык соттун чечими чыкты. Ага нааразы болгон тургундар мэриянын алдына 22-сентябрда чыгышкан.

Алардын үйлөрү көчкү коркунучу бар аймакта жайгашкандыктан, башка жакка көчүү сунуш кылынган. Үй ээлерине 50 миң сомдон, айрымдарына жер тилкелери берилгенин калаа башчысы Мураталы Тагаев билдирди. Бирок алар макул болбогондуктан, мэрия аларды шаардык сотко берген. Тургундар эми облустук сотко кайрылышмакчы.

Нааразы болгон жашоочулар мамлекеттен бөлүнгөн акча үйлөрдү оңдоп-түзөөгө берилгенин билдиришти.

Расмий маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын карамагындагы Курорт-Подхоз участогунда 26, шаарга караган Кызыл-Суу айылында 59 турак жайга жер көчкү түшүү коркунучу бар. (TB)

XS
SM
MD
LG