Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Навальныйдын батири жана банк эсеби камакка коюлду


Алексей Навальныйдын уулануудан эсине келгенден кийинки сүрөтү.
Алексей Навальныйдын уулануудан эсине келгенден кийинки сүрөтү.

Сот аткаруучулар орус оппозиционери Алексей Навальныйдын Москвадагы батирин жана банктагы эсептерин камакка коюшту.

«Бул Путиндин ашпозчусу Евгений Пригожинге таандык «Московский школьник» компаниясынын доосуна байланыштуу. Навальный ууландырылгандан бир жумадан кийин, 27-августта сот аткаруучулар Марьинодогу анын батирин каттоо ишмердигине тыюу салышкан. Бул батирди сатууга, белекке берүүгө же күрөөгө коюуга болбойт дегенди билдирет. Ошондо Алексейдин банк эсептери да камакка коюлган», - деп 24-сентябрда Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш билдирди.

2019-жылдын октябрында сот Навальныйды, анын өнөктөшү Любовь Соболду жана алардын Коррупцияга каршы күрөш фондун «Московский школьник» компаниясына 87 млн. рубль төлөөгө милдеттендирген. Навальныйдын иликтөөсүндө бул компания камсыз кылган азык-түлүктөн мектеп окуучулары ууланганы айтылган. Сот муну менен компаниянын беделине доо кеткен деп тапкан. Кийинчерээк Пригожин ал компаниянын доосун сатып алганын, эми аны Навальныйдан өзү доолап аларын билдирген.

Евгений Пригожин Орусиянын президенти Владимир Путиндин ашпозчусу болуп саналат. Путин баштаган аткаминерлерди коррупцияга байланыштуу айыптап, иликтөөлөрдү жасап жүргөн Алексей Навальный 20-августта комага түшүп, Германияда дарыланган. Германиядагы, Швециядагы жана Франциядагы лабораториялар саясатчы «Новичок» тобундагы зат менен ууландырылганын ырасташкан.

XS
SM
MD
LG