Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Улуу памирлик кыргыз жоокер шейит кетти


25-сентябрда Түркиянын Карс аймагында аскердик кызматын өтөп жаткан лейтенант Ибрагим Улуу шейит кеткени кабарланды. Ван аймагындагы Улуу Памир айылынан чыккан Ибрагим Улуу 2018-жылында аскер академиясын бүтүргөн соң Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарына кабыл алынган.

Буга чейин Улуу Памирден чыккан алты жоокер Түркиядагы аскердик операцияларда шейит кеткен.

Улуу Памир айылы Ван облустук борборунан 132 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анда 2 500гө жакын кыргыз жашайт. Жергиликтүү калк негизинен айыл чарбасы менен алектенет. Ошондой эле Улуу Памирден чыккан жаштар Түркиянын Куралдуу күчтөрүндө, ооруканаларында жана мамлекеттик жогорку кызматтарда иштешет.

Кыргыздар Түркияга 1982-жылы Ооганстандан көчүп барышкан. Ал эми Улуу Памир айылы 1987-жылы түптөлгөн. (ElB)

XS
SM
MD
LG