«Кыргызгидромет» борборунун кабарлашынча, 27-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Талас, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачындын ыктымалдуулугу аз.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 14... 19,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,
Нарын жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,
Талас дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 14... 19,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5 градус болот.
27-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 18…20 градус болот. (ErN)