Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

COVID-19: Илдетти жуктургандардын көбү Баткен облусунан аныкталды


COVID-19 вирусун аныктоо боюнча лаборатория. Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
COVID-19 вирусун аныктоо боюнча лаборатория. Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 161 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды. Бул тууралуу 27-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Жаңы учурлардын көбү Баткен облусуна туура келет, аймакта 45 факт аныкталды. Андан кийин Ош облусунда - 33, Бишкек шаарында - 29, Жалал-Абад облусунда - 23 жана Ош шаарында - 13. Дагы тогуз учур Чүй облусунда, алты учур Ысык-Көл облусунда, эки учур Нарын облусунда жана бир учур Талас облусунда катталды.

27-сентябрга карата соңку бир күндүн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 151 адамды түздү.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 46 251 кишиге жукту. Анын 42 353 айыкканы айтылды. Вирустан 1063 адам кайтыш болду.

Учурда 693 бейтап стационарда, 1590у үй шартында дарыланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG