Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:41

28-сентябрга карата аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызгидромет» борборунун маалымдашынча, 28-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жамгыр жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,

Талас, Нарын, Ысык-Көл аймактарында түнкүсүн 1...6, күндүз 14... 19,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5 градус болот.

28-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 17…19 градус болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG