Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Арменияда аскердик абал жарыяланып, жалпы мобилизация башталды (видео)


Армениянын куралдуу күчтөрү. Ереван, Армения. Иллюстрациялык сүрөт.
Армениянын куралдуу күчтөрү. Ереван, Армения. Иллюстрациялык сүрөт.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөдө аскердик абал жарыялап, Азербайжан менен Тоолуу Карабактын айланасындагы куралдуу кагылыштын курчушуна байланыштуу резервдеги кызматкерлерди мобилизациялоону тапшырды.

Пашинян мунун алдында эртең менен билдирүү таратып, Азербайжандын куралдуу күчтөрү Тоолуу Карабак багытында чабуул менен чыкканын билдирген.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян Карабактагы кармашта Азербайжандын куралдуу күчтөрүнө тиешелүү эки тик учак жана үч учкучсуз техника жок кылынганын кабарлап, видеосун да жарыялады.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения азербайжандык аскерлерге жана калктуу конуштарга ок жаадырды деп кабарлады. Жарадарлар жана каза болгондор бар. «Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн жоочу аракети алдын алынып жатат жана от чыккан жерлер басылууда»,-деп кабарлады ТАСС агенттиги Азербайжандын Коргоо министрлигине таянуу менен.

Тоолуу Карабакта кырдаал курчуду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00


«Интерфакс» агенттиги Армения менен өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабак Республикасынын, дагы бир тараптан Азербайжандын ортосундагы атышууну токтотуу режими 1994-жылдын май айында бекитилгенин белгилейт. 1992-жылы түзүлгөн ЕККУнун Минскидеги тобу конфликттин тараптарын тынчтык боюнча сүйлөшүүсүнө ортомчу болуп келет. Топко Азербайжан, Армения, Беларус, Германия, Италия, Швеция, Финляндия жана Түркия кирет. Ошол учурда агенттик Азербайжан Тоолуу Карабак Республикасын тарап катары санабай турганын билдирип, аны менен сүйлөшүүдөн баш тарткан.

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келатат. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG