Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Бир жумада 100гө жакын мас айдоочу кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 18-24-сентябрь аралыгында жол эрежесин бузган 6619 учур катталды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы 28-сентябрда билдирип, анын 91и мас абалында рулга отурган айдоочулар экенин кабарлады.

25 киши автоунаасынын терезелерин караңгылатып алганы үчүн кармалган. 109 айдоочу күбөлүгү жок автоунаа айдап жүргөнү аныкталды. Калганы ар кандай эреже бузгандар болуп чыкты. Бир жумалык рейддин натыйжасында 559 автоунаа айып жайына токтотулду.

Кыргызстанда 2019-жылдын башында жол эрежесин бузгандарга карата айыппул жогорулаган.

Мындай чечим өлкөдө жол кырсыктарынын, эреже бузуу көбөйгөнүнө байланыштуу кабыл алынган.

Кыргызстан - киши өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталган мамлекеттердин бири. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда быйыл сегиз айдын ичинде 3 474 жол кырсыгы болуп, анда 385 адам каза болгонун билдирген. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15% аз. Расмий маалыматта жол кырсыгынын 78% айдоочунун күнөөсү себеп болгону, буга кошумча акыркы жылдары өлкөдө автоунаалар көбөйгөнү айтылат.

Расмий эсеп боюнча ушул тапта өлкөдө бир млн. 348 миң 780 автотранспорт бар. (NT)

XS
SM
MD
LG