Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Кыргызстанда алгачкы көчмө маммограф иштей баштады


Көчмө маммограф.
Көчмө маммограф.

Кыргызстанда көкүрөк бездеринин жана жатындын өсмөсүн (рак) аныктоо максатында алгачкы көчмө маммограф иштей баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» 28-сентябрда «Эргене» фонду кабарлады.

Фонддун демилгеси менен 100 миң евролук машине сатылып алынды. Ал Кыргызстандын аймактарын кыдырып, 40 жаштан улуу курактагы аялдардын көкүрөк бездерин жана жатын моюнчасын санариптик негизде текшерип берет.

Машине Түркиянын Кызматташтык жана координация боюнча агенттигинин (ТИКА), «Түрк аба жолдору» компаниясынын, «Демир Банктын» жана башка уюмдардын каржылык колдоосунун негизинде сатылып алынды.

Санариптик маммограф аялдардагы ооруларды аныктап, маалыматты Саламаттык сактоо министрлигине, Улуттук онкология жана гематология борборуна Интернет аркылуу жиберип турат. Натыйжада аялдардын ден соолугуна байланыштуу маалымат базасы да топтолот.

2019-жылы Кыргызстанда көкүрөк бездеринин өсмөсүнө чалдыккан 624, жатын моюнчасынын өсмөсүнө учураган 408 аял каттоого катталган. Өлүм-житим түзүмүндөгү 1-орунду көкүрөк бездеринин, 3-орунду жатын моюнчасынын өсмөсү ээлеген.

Санарип маммограф дартты эрте аныктоого жардам берет. (BCh)

XS
SM
MD
LG