Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:11

Ошто санитардык эрежелерди сактоо тартиби күчөтүлөт


Карантин кезиндеги Ош. 30-апрель, 2020-жыл.
Карантин кезиндеги Ош. 30-апрель, 2020-жыл.

Ошто санитардык эрежелерди сактоо тартиби күчөтүлөт. Мындай чечим 28-сентябрда облустук жарандык коргоо штабынын кезексиз жыйынында кабыл алынды. Анда коомдук жайларда элге беткап менен жүрүү милдеттендирилип, коомдук транспорт жана курулуш тармактарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Мындан тышкары штаб элди зарылчылык болбосо массалык иш-чараларды өткөрбөөгө жана ага катышпоого чакырууда.

Ош мэриясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, шаарда санитардык эрежерлерди көзөмөлдөө күчөтүлүп, талаптар өзгөрүүсүз калат. 1-сентябрдан тартып калаадагы базарлар үзгүлтүксүз иштеп келсе, мындан ары дүйшөмбү күндөрү зыянсыздандырыш үчүн жабылат.

Жыйында Ош шаардык клиникалык ооруканасында балдардын жугуштуу оорулар стацианарында 180 орун даярдалганы айтылды. Ага кошумча дагы 100 орундуу жаңы имарат октябрдын башында колдонууга берилет. Ош шаардык ооруканасынын эски имаратында 100 орун даярдалып, учурда иштеп жатканы маалымдалды. Шаарда жалпысынан 380 орун даярдалган.

Дарыгерлер үчүн коргоочу кийимдер, кычкылтек концентраторлору, ИВЛ аппараттары жетиштүү деңгээлде жана эки айга жетерлик дары-дармек камдалган.

28-сентябрга карата Кыргызстанда 104 адамдан коронавирус илдети тастыкталды. Анын ичинен Ош шаарында сегиз адам , Ош облусунда 18 адам катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин дүйшөмбүдөгү маалыматы боюнча Ош облустук ооруканасында бир адам набыт болду. (DU/ZKo)

XS
SM
MD
LG