Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

УКМК: Баткенде пара берген чек арачы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткенде чек ара бекетинин кызматкери пара бергени үчүн кармалганын билдирди. Атайын кызмат 29-сентябрда тараткан маалыматка караганда, окуя ушул айда ыкчам издөө иштеринин алкагында катталып, «Кулунду» бекетинин башчысы УКМКнын кызматкерине 40 миң сом пара бергени аныкталды. Чек арачы кол астындагы аскерлер коңшу республикага же ал жактан Кыргызстанга аткезчилик менен ташылган жүктү өткөргөнүнө көз жумду мамиле кылып бериши үчүн атайын кызматтын өкүлүнө акча сунуш кылган деп шек саналууда.

Факты боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен иш козгогону кабарланды.

Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКнын бул маалыматы боюнча азырынча комментарий бере элек.

«Кулунду» бекети кыргыз-тажик чек ара тилкесинде, Лейлек районунун Кулунду айылынын түндүк тарабында жайгашкан.

Кыргызстанда пандемиянын айынан экономика кыйынчылыкка кабылып, быйылкы жылдын биринчи жарымында мамлекеттик бюджетке 14 миллиард сом түшпөй калышын өкмөт жолдор жабылып, тышкы соода басаңдаган жагдайга байланыштырган. Ал эми талдоочулар пандемия шартында өлкөдө салык жана бажы жыйымдарын чогултуу начарлап, товарларды аткезчилик жол менен киргизүү күчөгөнүн айтып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG