Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

30дан ашык өлкөнүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилди


Дене табын текшерүү учуру. Бишкек. Август, 2020-жыл.
Дене табын текшерүү учуру. Бишкек. Август, 2020-жыл.

Кыргызстанга кирүүгө жалпы 33 өлкөнүн жарандарына уруксат берилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-сентябрдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен бул тизме айына эки жолу текшерилип, толукталып турат. Мындан тышкары темир жол кыймылын калыбына келтирүү маселеси талкууланып, коронавирусту жайылтпаш үчүн атайын алгоритм иштелип чыкты.

Үсөнбаев эл аралык каттамдарды калыбына келтирүүдө өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга таасир этпей турган чаралар көрүлөрүн, көзөмөл катуу болорун кошумчалады.

Маалыматка караганда, сырттан келгендердин дене табы текшерилип, оорунун белгилери бар жарандар изоляцияга алынып, изилденип чыккандан кийин гана аларды өлкөгө киргизүү маселеси чечилет.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз өкмөтү ушул жылдын 19-мартынан тартып чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагына киришине тыюу салган. Ошондой эл аралык авиакаттамдар, темир жол, автоунаа каттамдары да токтотулган.

Бир катар мамлекеттер менен аба каттамдары сентябрдын башынан тартып ачылган. (NT)

XS
SM
MD
LG