Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 21:37

Айрым азыктар кымбаттап, Таласта төө буурчак арзандады


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын базарларында жана дүкөндөрүндө азык-түлүктүн айрым түрлөрү кымбаттап жатат. Экономика министрлигинин 17-24-сентябрдагы баалар боюнча талдоосунун жыйынтыгына караганда, көпчүлүк аймактарда кумшекер жана өсүмдүк майы көбүрөөк кымбаттаганы байкалды.

Кумшекердин бир килограммынын орточо баасы бир жумада эки сомдон сегиз сомго чейин жогорулады. Бишкекте кумшекердин бир килограммы 45-48 сомго жетип, апта ичинде беш сомго, ал эми пияздын бир килограммы 3-5 сомго кымбаттады.

Таласта төө буурчак дээрлик беш сомго арзандады. Мисалы, килограммы 75 сомдон сатылып жаткан болсо, 24-сентябрда 70 сомго түштү.

Ал эми эт 10-20 сомго кымбаттаганын адистер Өзбекстанга жана Тажикстанга эт экспортунун көлөмү көбөйгөнү менен байланыштырып жатышат.

Соңку күндөрү Кыргызстанда доллардын да курсу жогорулап жатканы байкалууда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG