Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Ош ОИИБ: Аравандагы «Биримдиктин» штаб башчысы мугалимдерди коркутуп жатат деген аудио текшерилип жатат


Араван райондук маданият үйүндө 8-сентябрда тартылган сүрөт. Сүйлөп жаткан Шамил Артыков.
Араван райондук маданият үйүндө 8-сентябрда тартылган сүрөт. Сүйлөп жаткан Шамил Артыков.

Араван районунда «Биримдик» саясий партиясынын штаб башчысы Шамил Артыковдун мугалимдер менен жолугушууда жазылган аудио билдирүүсүн милиция иликтей баштады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (Ош ОИИБ) басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин маалыматына караганда «Whatsapp» аркылуу тараган үндү териштирүү иштери башталып, ал райондук милициянын электрондук китепчесине катталган.

Коомдук тармактарда тарап жаткан аудиодон мугалимдер менен «Биримдиктин» өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жатканын болжолдоого болот. Анда штаб башчы Шамил Артыковго сөз берилип, андан кийин талапкер Жалалиддин Нурбаевге узатылат.

Шамил Артыков мугалимдерди «Биримдикке» үгүттөп, «акча алып башка партияны колдогондор жумушунан кол жууйт» деп айтканын угууга болот.

«"2000-3000 сом алабыз" деп башка жакка кетсеңер, эртең мезгили келет. Эртең 2000 сом менен ишсиз каласыңар. Мен ачыгын айтып коёюн, силердин ар бириңердин аты-жөнүңөр бар. Мен штабдын жетекчиси катары ким каерге иштеп жатканын жакшы билем», - деп сүйлөгөн Артыков.

Мындан сырткары Артыков 1990-2010-жылы болгон коогалаңды эске салып, «эсиңерден чыгарбагыла» деп сөз арасына кошо кеткен. Жолугушуу качан, кайда өткөнү аныктала элек. Партия өкүлдөрү аудио туурасында үн ката элек.

Шамил Артыков буга чейин Араван районунун акими болуп иштеп, 2014-жылы райондогу мектептердин биринде Өзбекстандын гимни жаңыргандыгы үчүн кызматтан алынган.

Буга чейин Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевдин аймактагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилерин, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларын топтоп, «Биримдик» партиясына иштөөгө үгүттөп жатканы жазылган деген аудио да тараган. Айтибаев чогулуш өткөргөнүн мойнуна алып, аудиодогу үн аныкына окшош экенин айткан. (DU)

XS
SM
MD
LG