Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Таласта той-мааракелерди чектөөгө каршы акция өттү


Талас шаары. 29-сентябрь, 2020-жыл.
Талас шаары. 29-сентябрь, 2020-жыл.

Ондогон киши 29-сентябрда Талас шаарынын мэриясынын алдына чыгып, той-мааракелерди чектөөлөргө каршылык билдиришти.

Алар «#Биз иштегибиз келет» деген жазууларды кармап турушту. «Азаттыктын» кабарчысы билдиргендей, акциянын катышуучулары шайлоодо үгүт иштери тоскоолдуксуз өтүп жатканын айтып, бирок той-мааракелерди чектөө туура эмес деген оюн ортого салышты.

Алар чектөөлөргө байланыштуу жүздөгөн адам жумушсуз калганын белгилешти. Мэриядан алар менен жолугушууга эч ким чыккан жок.

Пандемиядан улам Кыргызстанда бир катар чектөөлөр бар. Ресторан-кафелерге той-аш өткөрүүгө, эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынган. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат.

Буга чейин Бишкекте эреже сактабаган бир канча кафе-ресторандар, клубдар аныкталган. (AiA)

XS
SM
MD
LG