Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

«Чек арада» тасмасы «АРТкино» фестивалында байгелүү орун алды


Тынчтык Абылкасымов.
Тынчтык Абылкасымов.

Кыргызстандык режиссёр Тынчтык Абылкасымовдун «Чек арада» тасмасы Орусияда «АРТкино» кинофестивалында байгелүү орунга татыды. Режиссёр 29-сентябрда «Азаттык» радиосуна кабарлагандай, фильм «20 мүнөткө чейинки эң кыска метраждуу мыкты тасма» номинациясында жеңүүчү аталды.

««Чек арада» тасмасынын сценарийин тажик драматургу, жазуучусу Искандар Усманов жазган. Тасмада коңшу эки өлкөнүн чек арачыларынын туткунуна түшүп калган карыянын жашоосу чагылдырылган», - деди ал.

Фильм 2019-жылы тартылган, аны жаратууга эки ай убакыт кеткен.

Автордук кыска метраждуу тасмалардын «АРТкино» фестивалы Москвада өттү. Анын жеңүүчүсү аталган фильмдер Орусиянын жана КМШ мамлекеттеринин аймагында көрсөтүлөт.

Кинорежиссёр, актёр Тынчтык Абылкасымовдун бул эмгеги быйыл июль айында онлайн өткөн «Link» («Link International Film Festival») эл аралык кинофестивалында да жеңүүчү болгон. (MSd)

XS
SM
MD
LG