Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

Шайлообек Дүйшеевдин «Булуттар» деген китеби чыкты


«Турар» басмаканасынан Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин «Булуттар» деген китеби жарыкка чыкты. Автордун айтымында, китеп жогорку окуу жайларынын мугалимдерине, студенттерине жана жалпы эле поэзия сүйгѳндѳргѳ арналган.

Жыйнак жалаң котормолордон турат. Ыр окугусу келгендер Кытайдын байыркы улуу акыны Ли Бодон тартып, А.Пушкин, М. Лермонтов, А.Блок, С. Есенин, А. Ахматова, Н. Рубцов, Ю.Марцинкявичюс, Ю.Кузнецов, Пауль-Эрик Руммо, М. Шаханов, В. Луйк, Р. Мороз жана башка акындардын кыргызча «сүйлѳгѳн» поэтикалык чыгармалары менен жакшылап таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Китепте буга чейин кыргыз тилине биринчи жолу которулуп жаткан, акындын шедеври аталып жүргѳн орус акыны Анна Ахматованын атактуу «Реквиеми» да бар.

XS
SM
MD
LG