Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Кыргызстанда жарым миллиондой адамдын добуш берүү укугу жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда шайлоодо добуш берүү укугу жок адамдардын жалпы саны жарым миллионго жакын. Бул тууралуу 30-сентябрда «Азаттыкка» Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө биометрикалык каттоого туруу укугу бар 437 миң 384 кыргыз жараны мындай каттоодон өтө элек жана эски үлгүдөгү ID паспорт менен жүрөт.

Мыйзам боюнча мындай жарандар шайлоого катыша алышпайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебинде, Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 3,5 миллионго жакын.

16 жаштан жогору курактагы жарандарды биометрикалык каттоого алуу тууралуу мыйзам 2014-жылдын июль айында кабыл алынган. Каттоону Мамлекеттик каттоо кызматы бекер жүргүзөт.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоонун добуш берүү күнү болот. (RK)

XS
SM
MD
LG