Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 147 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 30-сентябрдагы маалыматына караганда, бир күн аралыгында вирус табылгандардын саны боюнча Жалал-Абад облусу алдыга чыкты. Андан кийин Ош облусу жана Бишкек шаары турат.
Жалал-Абад облусунда 41, Ош облусунда 34, Бишкекте 19, Баткен облусунда 17, Ош шаарында 13, Ысык-Көл облусунда 11, Чүй облусунда 10, Талас облусунда эки кишиден вирус табылды.
Бир күн аралыгында өлүм-житим катталган жок. Буга чейинки статистикада пандемия башталган март айынан бери вирустун курмандыктары 1064 адамды түзгөн.
18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан. Бийлик каза болгондордун эсеби кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Расмий эсеп боюнча учурда 819 бейтап ооруканаларда, 1455 киши үй шартында дарыланууда.
Марттан бери илдет жугузуп алгандар 46669 кишиге жетти. Анын 42 879у айыгып чыкканы айтылды. (NT)