Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

«Биримдик» айрылган жарнамалары үчүн милицияны айыптоодо

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Биримдик» саясий партиясы шайлоого карата илген Базар-Коргон районундагы үгүт жарнамалары айрылып, жок болушу үчүн райондук милициянын айрым жетекчилерин айыптап, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына арыз берди.

Райондук штабдын 30-сентябрдагы маалыматына караганда, үгүт өнөктүгү башталгандан бери Бешик-Жон жана Карача айылдарында партиянын үгүт жарнамалары төрт ирет айрылган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы келип түшкөн арыздын негизинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматынын облусундагы бөлүмү кызматтык иликтөө жүргүзүп жатканын «Азаттыкка» билдирди.

Партиянын Базар-Коргон райондук штабынын райондук милициянын үстүнөн жазган арызы социалдык тармактарга да тарап, талкууланууда. Анда илинген жарнамалар айрылган айылдардын бири башка партиянын талапкери туулган айыл экенин белгилеп жатышат.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Жогорку Кеңештеги 120 мандат үчүн 16 партия ат салышууда. (TB/RK)

XS
SM
MD
LG