1-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 12…17;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3 градус болот.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 17…19 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 13…15° болот.