Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Кадамжайдагы сурьма комбинаты боюнча Башкы прокуратурага арыз жөнөтүлдү


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кадамжайдагы сурьма комбинатындагы абал боюнча Башкы прокуратурага жана Экономика министрлигине арыз жөнөтүлдү. Бул тууралуу 30-сентябрда «Азаттыкка» арыз жазуу тууралуу демилге көтөрүп чыккан жарандык активисттердин бири, өзүн Марат Акимов деп тааныштырган жаран кабарлады.

Акимов банкрот болгон ишкананы реструктуризация жолу менен сактап калса болорун, бирок атайын администратор ликвидация жолун тандап алганын билдирди:

«Азыр атайын администратор комбинаттын объектилерин бөлүп-бөлүп сатып, ошонун аркасынан мамлекеттин карызын төлөгөнү жатат. Бирок реструктуризация жүргүзүп, комбинатты ишке киргизип жиберишсе ал карыз, биздин болжол боюнча, жарым жылда төлөнүп бүтүп, ишкана андан ары иштеп кетмек».

Акимов геолог адистер аймакта комбинаттын ишин дагы 14 жыл камсыз кыла ала тургандай кен бар экенин айтып жатышканын, азыр жумуш орундарын сактап калуу маанилүү экенин белгилөөдө. Анын айтымында, быйыл 16-июнда Жогорку соттун чечими менен комбинат банкрот деп жарыяланган.

Арыз ээлери «банкроттук жарыялап жаткан атайын администратор ишин туура эмес алып барууда» деген пикирде.

Ошондой эле алар 300дөй жумуш оруну сакталып калары айтылганы менен баары бошотулганын, 80 адам менен гана үч айга убактылуу келишим түзүлүп, бир жылдан бери айлык акы төлөнбөй жатканын белгилешти жана ишкананын активдери боюнча көз каранды эмес баалоо жүргүзүүнү талап кылышты.

Кат ээлери Кадамжай районуна гана эмес, жалпы Борбор Азияга коркунуч келтирүүчү калдык сактоо жайларынын абалы да суроо жаратып келатканын белгилешти. Алар мыйзам бузуу аныкталса, айыптууларды жазага тартыш керек экенин айтышты.

Арызда келтирилген жүйөлөр боюнча комментарий алыш үчүн «Азаттык» Экономика министрлигине кайрылды. Министрликтин мамлекеттик менчик саясаты бөлүмүнүн башчысы Элдана Сатарова ар бир факт боюнча текшерүү жүргүзүлөрүн билдирди:

«Жумушчулардын укуктары бузулбашы үчүн тийиштүү чара көрөбүз. Комбинатта өндүрүш 2013-жылы токтогон. Район аралык сот атайын администрациялоону ликвидация жолу менен жүргүзүү тууралуу чечим чыгарган. Бирок, атайын администратордун соңку маалыматына караганда, кредиторлор жыйыны ликвидация болобу же реструктуризациябы, азырынча аныктай элек. Кандай болгон күндө да өндүрүштү талкалабай, сактап калып, бирдиктүү мүлк комплекси катары сатыкка коюп, таза инвестор табууга аракет кылабыз. Биринчи кезекте алдыбызда жумуш орундарын сактап калыш үчүн өндүрүштү жандандыруу маселеси турат».

Сурьма комбинатын казакстандык ишкерлер 2005-жылы сатып алган. Алар комбинаттын сегиз миллион долларлык карызын төлөөгө жана 11 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция салууга убада беришкен. Бирок комбинаттын карызы көбөйүп, жалпысынан 180 миллион сомдон ашык бересе болуп калганы кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG