Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:19

Башкы прокуратура: №2 форма боюнча 83 материал иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шайлоочулардын добушун сатып алуу жана документ жасалмалоо тууралуу маалыматтарга байланыштуу жалпысынан 83 материал иликтенүүдө. Бул тууралуу 30-сентябрда Башкы прокуратура кабарлады.

Мекеменин маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Эрмек Асанов «Азаттыкка» билдиргендей, материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Жарандардын добушун сатып алуу боюнча 56, ал эми шайлоо документтерин жасалмалоо боюнча 27 материал катталган жана мыйзамда каралган караштуулук боюнча сотко чейинки териштирүүнү ички иштер органдары жүргүзүүдө», - деди ал.

Башкы көзөмөл органы ар бир жаран эркин добуш берүүгө, №2 форма менен катталууга укугу бар экенин, аны эч ким мажбурлай албасын белгиледи. Бирок эгер №2 форма менен добуш берип жаткандарды кимдир-бирөө топтоп, атайын уюштуруп жатса же документтер жасалмаланып, добуш сатып алуу болгону аныкталса мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти. Бул үчүн ири өлчөмдө айыппул салынарын же эркинен ажыратуу каралганын белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 24-сентябрдагы расмий маалыматына караганда, өлкөдө №2 форма боюнча 481 950 арыз түшкөн. Комиссия муну шайлоочуга каттоого турган жери боюнча эмес, өзүнө ыңгайлуу жерден добуш берүүгө шарт түзгөн көрүнүш катары мүнөздөгөн.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Шайлоого катышып жаткан оппозициялык партиялардын талапкерлери №2 форманы добуш сатып алууга шарт түзүү деп атап, БШКны андан баш тартууга чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG