Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:12

Базар-Коргондо бакка тагылган электр зымдары боюнча маселе көтөрүлдү


Токойдогу бактарга тагылган электр зымдары. Базар-Коргон.
Токойдогу бактарга тагылган электр зымдары. Базар-Коргон.

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Бел-Терек айылынын тургундары жергиликтүү бийликти электр устуну катары колдонулган бак-дарактар маселесине көңүл бурууга чакырып жатышат.

Жергиликтүү тургун Түгөлбай Мавлянкулов 30-сентябрда «Азаттыкка» билдиргендей, электр зымдары атайын устундарга эмес, айылдагы жаңгак бактарына байланган бойдон турат. Анын айтымында, мындай көрүнүш 20 жылдан ашуун убакыттан бери уланууда жана жергиликтүү бийлик чара көрбөй келет.

«Арстанбап айыл аймагына караган Бел-Терек айылына кире беришинде жол четинде жерге тиейин деп, жаңгактарга асылган электр зымдарына көзүң түшөт. Ал зымдардын бактарга чырмалып, айыл элин жарык менен камсыздап жатканына 25 жыл болуптур», - деди ал.

«Электр тармактары» ишканасынын райондук бөлүмү зымдарды бактарга жергиликтүү тургундар өзүлөрү тагып алышканын билдирди. Ишканага эки апта мурда жаңы жетекчи болуп дайындалган Канатбек Жумаев маселеден эми гана кабардар болгонун айтуу менен аны тез арада чечерин билдирди.

Айылда 320дай турак жай бар. Алардын 22си бак-дарактарды аралаган кооптуу электр зымдарын пайдаланышат.

Ушул эле Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү айылына быйыл 1-сентябрда 60 жылдан соң биринчи жолу жарык жеткирилди. (TB)

XS
SM
MD
LG