Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-октябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Беларуста оппозицияны колдогон баскетболчу Левченко кармалды


Алёна Левченко.

Беларустагы таанымал спортчулардын бири, баскетболчу Алёна Левченко Александр Лукашенкого каршы нааразылык акцияларына катышканы үчүн кармалды. «Спортчулардын эркин ассоциациясы» кыймылынын мүчөсү болгон Левченко 30-сентябрда дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кетер алдында Минск аэропортунда кармалды. Анын адвокаты Михаил Кирилюк спортчу уруксатсыз акцияга катышканы үчүн Ленин райондук милициясына жеткирилгенин билдирди. Минск шаардык администрациясынын басма сөз катчысы Алёна Левченконун кармалганын ырастаганын ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Левченко - Беларустагы таанымал спортчулардын бири. Ал Беларустун улуттук баскетбол командасында, Орусиядагы жана АКШдагы командалардын курамында ойногон.

Буга чейин 350гө жакын беларус спортчулары Александр Лукашенкого ачык кат жазып, 9-августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга жана акциялар маалында кармалгандарды коё берүүгө чакырган.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоо өткөн. Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко акыркы шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялаганы менен, беларус оппозициясы анын жыйынтыгын таануудан баш тарткан. Андан бери өлкөнүн баш калаасы Минск баштаган бир нече аймактарында оппозициянын тарапкерлери нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат. Бул акцияга чыккандарды милиция күч менен таратып, айрым катышуучуларды кармап жатат. Бир катар Батыш өлкөлөрү Александр Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбай турганын жарыялашкан.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG