Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Кара-Кечеге электр жарыгы берилди


Кара-Кечеде электр энергиясы калыбына келтирилди. 2020-жылдын 30-сентябры.
Кара-Кечеде электр энергиясы калыбына келтирилди. 2020-жылдын 30-сентябры.

Кара-Кече көмүр кенин электр энергиясы менен камсыздоо иши калыбына келтирилди. Бул тууралуу 30-сентябрда «Азаттыкка» «Чыгышэлектр» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 29-сентябрда көмүр кенине барган электр тарамынын орду которулуп, жарык берилди.

«Себеби, 14-сентябрда бир катар зым мамы жана аба чубалгысы жер көчкүнүн астында калып, электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Мындан тышкары дагы 38 зым мамынын жер көчкү астында калуу коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу көмүр кенине электр жарыгын бере турган электр тарамынын орду которулду», деп айтылат мекеменин маалыматында.

Тоолуу аймактагы курулуш иштерин «Чыгышэлектр» ишканасынын Жумгал районундагы кызматкерлери беш күн бою тынымсыз жүргүзүштү.

14-сентябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда тоо көчкөн. Дыйкан айылын Кара-Кече көмүр кенинин «Борбордук» деген тилкеси менен байланыштырып туруучу стратегиялык жол тосулуп калган. Адам өмүрүнө залака тийгени тууралуу маалымат жок.

Көчкүнүн көлөмү эки миллион куб метр болгону, жолдун 600 метрден ашык аралыгы тосулуп калганы, электр зымдары үзүлгөнү кабарланган. 35/10 кВ «Карьер» көмөк чордонунан тараган 6 кВ «Беш-Сары» тарамынын зымдары көчкү алдында калган. (RK)

XS
SM
MD
LG