Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Баткенде милиция адамдарды сүздүрө айдаган айдоочуну издеп жатат


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Баткенде милиция адамдарды кичи автобус менен сүздүргөн айдоочуну издеп жатат. Бул тууралуу 1-октябрда Ички иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 25-сентябрда Кызыл-Кыя шаарында болгон.

Факт Кызыл-Кыя шаардык милициясында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Жол кырсыгы» жана «Ээнбаштык» беренелери менен катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Айдоочу кармала элек.

Ал эми Кадамжай районунун окуя болгон жерде жабыркаган 28 жаштагы тургуну аймактык ооруканада дарыланууда.

Окуянын видеосу Интернетте тарап жатат. Андан кичи автобус көчөдө турган бир нече адамды сүздүрүп, ары-бери айдап жатканын көрүүгө болот. Милиция айдоочу изин жашырып кеткенин айтууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG