Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Венгрия кыргызстандык 150 студентке бюджеттик орун бөлдү


Венгриянын борбору - Будапешт.
Венгриянын борбору - Будапешт.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияда болгон расмий иш сапарында Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жана Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто эки тараптуу келишимге кол коюшту.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, келишимге ылайык, Венгриянын жогорку окуу жайлары кыргызстандык 150 студентке бюджеттик орун бөлдү.

Кыргызстан Венгрия менен билим берүү тармагында 2016-жылдан бери кызматташып келе жатат. Биринчи макулдашуу боюнча 25 студент Венгриядан окууга мүмкүнчүлүк алган.

2019-жылы Венгрияда окууга кызыккан жарандардын көбөйүшүнө байланыштуу, орун 75ке (30 бакалавр, 30 магистратура, 15 докторантура) көбөйгөн. Окууга кабыл алынган студенттерди Венгрия акысыз окутуп, ай сайын стипендия берип, жатакана жана медициналык тейлөө менен камсыздайт.

Кыргызстандык жарандар Венгриядагы окуу жайларда эл аралык мамилелер, эл аралык бизнес, IT, журналистика, менежмент жана экономика багыттарын көп тандашат.

Будапешттеги Корвин университети, Этвеш Лоранд университети, Дебрецен университети, Печ университети, Ыйык Иштван университети жана Будапешт технологиялар жана экономика университети Венгриядагы алдыңкы жогорку окуу жайлары болуп эсептелинет.

Кыргызстанда эки жыл мурда Европадагы бул мамлекеттин окуу жайларында акысыз орундарда көбүнесе жогорку кызматтагы адамдардын уул-кыздары өтүп жатканы ачыкка чыгып, коомчулукта катуу сынга алынган. (NT)

XS
SM
MD
LG