Жалал-Абад облусунда Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы шайлоочулардын добушун сатып алууга аралашкан деп шектелүүдө. Башкы прокуратура 1-октябрда маалымдагандай, райондук прокуратура Жазык кодексинин “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү жүргүзө баштады.
Буга Интернетке “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерине байланыштуу чыккан видео себеп болгону маалымдалды. Видеодо Аксы райондук Жол эксплуатациялоо башкармалыгынын башчысы жана райондук акимчиликтин аппарат башчысы түн ичинде кызматтык машинада добуш сатып алуу менен алектенип жүргөнүн көрүүгө болору белгиленди.
“Мекеним Кыргызстан” партиясы азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.
Ал эми Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев аппарат башчысы ишин улантып жатканын, ички кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн “Азаттыкка” айтып берди:
“Иликтөө жүрүп жатат. Ал өзү тууганчылык жайы боюнча эле барганын айтты. Органдардын териштирүүсү болуп жатат. Биз ички кызматтык териштирүү жүргүздүк, бирок факт менен тактай албай жатабыз”.
4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Ага 16 партиядан эки миңдей партия катышууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл 26-сентябрда «Биринчи радиодогу» маегинде шайлоону калыс өткөрүүгө өзү умтуларын айтып, эки жолу күч менен бийлик алмашкан окуя бийликке сабак болушу керек экенин билдирген. 2019-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30 жылдыгына карата иш-чарада “Шайлоочулардын добушун сатып алууга же административдик ресурс колдонууга катуу бөгөт коюлушу керек. Элдин ишеними болгондо гана шайлоо системасы натыйжалуу болот” деп айткан. (RK)