Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-октябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 11:37

Боронов 2-6-класстардын мектептерде окуу шартын түшүндүрдү


Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 1-октябрдагы брифингде 2-6-класстардын окуучуларынын мектепке барып окуусу тууралуу чечим атайын алгоритмдин негизинде кабыл алынганын билдирди.

Анын айтымында, мектептерде бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер так сактылышы керек. Коронавирустун жайылышына жол бербеш үчүн окуучулар жана мугалимдер беткап тагынып, мектептер тазалоочу каражаттар менен камсыз болушу, аралыктын сакталышы, окуучулардын ден соолугу күн сайын текшерилиши зарыл.

«Биринчи класстар буга чейин белгиленген алгоритмин негизинде окуп жаткан. Ошондуктан азыркы чечим менен 2-6-класстарга тиешелүү. Алар үчүн окуу башталат. Калган класстар азырынча онлайн режимде окуп турушат», - деди өкмөт башчы.

Бороновдун маалыматына караганда, Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо министрликтери чогуу иштеп чыккан алгоритмге ылайык, мектептерде окуу окуучулардын санына жараша болот. Эгерде окуучулардын саны 200гө чейин болсо окуу бекитилген жадыбал менен жүргүзүлөт. Балдардын саны 200дөн 500гө чейин болсо, кезектешүү аркылуу, 500дөн ашык окуучусу бар мектептер эки сааттан кем эмес аралык менен кезектешип окуйт.

«Турмуш-тиричилик коопсуздугу», «Мекен таануу», «Адеп», «Дене тарбия» сабактарын таза абада өткөрүү сунуш кылынды. 500дөн көп окуучу бар жана шарты жок мектептерде табигый-так илимдер багытындагы сабактар кадимкидей окутулат. Гуманитардык сабактар аралыктан окутулууга тийиш.

Мектептерде ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Ата-энелер менен башка адамдар имаратка киргизилбейт.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штаб 30-сентябрдагы жыйынында 6-октябрдан тартып 2-6-класстардын окуучуларына мектепке барып билим алууга уруксат берген.

Учурда биринчи класстын балдары гана мектепке барып окуп жатышат.

Андан башка класстардын окуучулары жана жогорку окуу жайларынын, орто билим берүү мекемелеринин студенттери азырынча онлайн окууну улантышат. Алардын окуусу кийинки этаптарда каралат.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл окуу жылы аралыктан аяктаган. Бала бакчалардын иши 23-марттан тартып токтотулган.

Сентябрдын башында менчик бала бакчаларга гана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун макулдугу менен иштөөгө уруксат берилген. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG