Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Кыргызстандын калкынын 8% улгайган адамдар түзөт


Иллюстрациялык архивдик сүрөт.
Иллюстрациялык архивдик сүрөт.

Кыргызстандын калкынын 8% улгайган адамдар түзөт. Бул тууралуу 1-октябрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата жарыялаган маалыматына караганда, өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу жаштагылардын жалпы саны 513 миң адам. Бул сан үч жыл мурдагыга салыштырганда 66 миңге көп.

Кыргызстанда аялдар пенсияга 58 жашка, ал эми эркектер 63 жашка жеткенде чыга алат.

Жыл сайын 1-октябрда дүйнөдө Улгайгандар күнү белгиленет. Карылардын жашоосуна коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында бул күндү жыл сайын белгилеп туруу жөнүндөгү чечим 1990-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган.

Жыл сайын Улгайгандар күнүнө карата түрдүү кайрымдуулук акциялары уюштурулуп турат. Быйыл пандемияга байланыштуу андай иш-чаралар көп өткөн жок. (RK)

XS
SM
MD
LG