Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Жалал-Абаддагы кыргыз-кытай темир заводу ишин улантты


Жалал-Абад.
Жалал-Абад.

Жалал-Абад шаарында кыргыз-кытай биргелешкен темир заводу ишин жандандырды. Бул тууралуу 1-октябрда «Азаттыкка» ишкананын жумушчулар тобунун жетекчиси Алмазбек Накатаев билдирди.

Анын айтымында, былтыр ачылган завод суук түшкөндө ишин убактылуу токтотуп койгон, быйыл сентябрь айында кайра ачылды.

Ишканада темир эритилип, үч бурчтук тетиктердин үч түрү чыгарылат. Даяр өндүрүм алгач жергиликтүү базарларда сатылат, калганы коңшулаш Өзбекстанга экспорттолот.

Жергиликтүү бийлик бош турган ишкананы өндүрүш базасы менен камсыз кылып, кытай инвестору 114 миллион сомдук инвестиция жумшаган. Эки тараптуу кызматташуунун натыйжасында 80 адам жумуш орду менен камсыз болуп отурат. Алардын 50сү жергиликтүү тургундар, калганы кытай жарандары. Долбоор боюнча ишкана толук кубатта ишке кирсе жалпысынан 150гө чукул адам жумушка тартылат.

Кыргызстанда быйыл биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгында ички дүң өнүм былтыркы жылга салыштырганда 6,1% кыскарды, өнөр жай өндүрүмү 0,9% төмөндөдү. (TB)

XS
SM
MD
LG